Россиянын Украинадагы аскердик кыймылдары

Игорь Конашенков орус армиясынын Украина согушундагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

1833138
Россиянын Украинадагы аскердик кыймылдары

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков согуш башталган 24-февралдан бери Украинага таандык 179 учак, 127 тик учак, 3266 танк жана бронетехниканын жок кылынганын билдирди.

Игорь Конашенков орус армиясынын Украина согушундагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Орус абадан согушуу тактика бөлүктөрүнүн Украина аскердик бөлүктөрү жана техникалык каражаттары жайгашкан 49 аянтты, 2 минометтук взвод жана артиллериялык снаряд кампаларына сокку урганын белгилеген Конашенков бул кол салуулардын натыйжасында  350ден ашуун украиналык улутчул күчтүн таасирсиз абалга келтирилгендигин белгиледи. 

Орус абадан коргоо системаларынын Харьков аймагында Гусаровка отурукташуу жеринде Украинага таандык МИ  - 24  аскердик тик учагын атып түшүргөндүгн айткан Конашенков Одесса аймагында Кремидовки жакындарында Украина аба күчтөрүнө таандык курал жана ок  - дары ташыган бир аскердик жүк атшуучу учактын абада атылгандыгын айтты. 

Харьков, Херсон, Луганск аймактарында экөөсү учкучсуз чалгындоо учагы болгон жалпы 13 Украина учкучсуз учуучу аппаратынын да жардырылгандыгын белгилеген Конашенков ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн да 62 башкаруу борбору менен 407 аскердик аймакты аткылагандыгын билдирди.

Орус басма сөз катчысы : «Учурда Украинага таандык 179 учак, 127 тик учак, 1019 учкучсуз учуучу аппарат, 323 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3 миң 266 танк жана бронетехника, 433 көп стволдуу ракета аткычтар, 1682 гаубица жана минометтор, 3 миң 190 атайын аскердик техника  жок кылынды",- деди.


 

 

 



Тектеш кабарлар