Кулебадан Түркия тууралуу билдирүү

Дмитрий Кулеба өлкөсү жана Россиянын ортосунда ортомчулук кылууну сунуш кылган өлкөлөрдүн бар экендигин белгилеп : "Ийгиликтүүсү Түркия болду",- деди.

1832818
Кулебадан Түркия тууралуу билдирүү

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба өлкөсү жана Россиянын ортосунда ортомчулук кылууну сунуш кылган өлкөлөрдүн бар экендигин белгилеп : "Ийгиликтүүсү Түркия болду",- деди. 

Дмитрий Кулеба Давос саммити деп да билинген Дүйнөлүк экономикалык форумунда пресс  - жыйын өткөрдү. 

Анадолу агенттигинин кабарчысынын Түркиянын Украина жана Россиянын ортосунда ортомчулук процессине байланыштуу берген суроосуна : "Түркия башка бир чындыктар менен ортомчулук сунушун билдирген өлкөлөрдүн бири эле. Ийгиликтүүсү Түркия болду. Россия  -  Украина сүйлөшүү делегацияларынын Стамбулдагы жыйыны да негизинен сүйлөшүү процессиндеги эң жогорку жер  болду",- деп жооп берди Кулеба. 

Кулеба Стамбулдагы жыйындан кийин сүйлөшүү процессинин жок болгондугун белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн иш алып баруу тобунун акыркы жолу качан чогулгандыгын да эстебегендигин айтты. 

Россиянын дайыма : "Украина дипломатияга муктаж эмес, Украина биз менен сүйлөшүүнү каалабай жатат",- деген билдирүүлөрдү бергендигин белгилеген Кулеба : "Бирок бул жаап - жашыруу операциясы",- деди. 

Дмитрий Кулеба Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын Херсон жана Запорожье  аймактарында  орус жарандыгына алынуусун жеңилдеткен чечимге кол коюшуна да каршылык көрөтүп : "Жакшы ниеттүү сүйлөшүү кааласаңар мындай иштерди кылбагыла.  Бул ушундай эле жөнөкөй эле нерсе",- деди. 

Орус аскерлери 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган.

 

 

 



Тектеш кабарлар