Европа Биримдиги маймыл чечегине каршы вакцина сатып алат

Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн маймыл чечгине каршы вакцина жана дарыларды сатып ала турганы билдирилди.

1832886
Европа Биримдиги маймыл чечегине каршы вакцина сатып алат

Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн маймыл чечгине каршы вакцина жана дарыларды сатып ала турганы билдирилди.

Испаниянын саламаттыкты сактоо министри Каролина Дариас басма сөзгө берген билдирүүсүндө даниялык Bavarian Nordic компаниясы чыгарган, Европа дары - дармек агенттиги тарабынан бекитилген чечек вакцинасы варианты Imvanexтын Европа Биримдгинде  маймыл чечеги бейтаптарында колдонуу үчүн сатып аларын билдирди. 

Испаниянын министри бул вакцинанын кайсы куратагы жана кайсы бейтап топтору үчүн колдонулары тууралуу азырынча маалымат берген жок. Европада маймыл чечеги бейтабы эң көп болгон өлкө Испания экендиги белгилүү.  

Министрликтин акыркы маалыматтарына караганда Испанияда 59 такталган маймыл чечеги бейтабы бар. 

 

 



Тектеш кабарлар