Герцог: «Президент Эрдоган менен ачык жана чын ыкластуу диалог болгонуна абдан кубанычтамын»

Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) атайын сессиясында Ицхак Герцог WEFтин төрагасы Борге Бренденин Түркия менен карым-катнаштары жана Израилдин президентинин март айында Түркияга болгон сапары тууралуу суроосуна жооп берди.

1832792
Герцог: «Президент Эрдоган менен ачык жана чын ыкластуу диалог болгонуна абдан кубанычтамын»

Израилдин президенти Ицхак Герцог президент Режеп Таййип Эрдоган менен ачык жана чын ыкластуу диалогдо болгондугу үчүн абдан ыраазы экенин айтты.

Давос саммити катары да белгилүү болгон Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) атайын сессиясында Ицхак Герцог WEFтин төрагасы Борге Бренденин Түркия менен карым-катнаштары жана Израилдин президентинин март айында Түркияга болгон сапары тууралуу суроосуна жооп берди.

Кызматка киришкенден кийин президент Эрдоган менен бирге «өтө кызыктуу жана жакшы ойлонулган процессти» баштаганын белгилеген Герцог: «Бул процесстин туу чокусу март айында Анкара жана Стамбулга жасаган тарыхый расмий сапарым болду. Бүгүн биз жаңы баскычка чыктык. Тышкы иштер министри (Мевлүт) Чавушоглу мурунку күнү жана кечээ Израилге расмий сапар жасады»,-деди.

Герцог Чавушоглунун Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид менен эки өлкөнүн ортосундагы бардык тармактагы карым-катнаштары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн белгиледи.

«Биздин көз карашыбыз Жер Ортолук деңизиндеги, өзгөчө Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги бардык коңшу жана дос өлкөлөр менен диалогдо болуу»,-деп айткан Ицхак Герцог, Чыгыш Жер Ортолук деңиз өлкөлөрүнүн климат, таза суу, Жер Ортолук деңиз жана Кызыл деңиз сыяктуу темаларда биргелешип иштеше аларын айтты.

Израиль лидери Түркия менен башынан өткөргөн процессти «Ромео жана Жульеттадагыдай» эмес, «жолугушканда биргелешип талкуулаган көп теманы аянтта сынашкан процесс» деп мүнөздөдү.

Түркия менен мурда «өйдө-төмөн» карым-катнаштары болгонун билдирген Герцог, мисалы, азыр сүйлөп жаткан залда президент Эрдогандын 2009-жылдын 29-январында премьер-министр болуп турганда Давос саммитине катышканын жана Израилдин ошол кездеги президенти Шимон Перес менен катышкан панелдеги «one minute» (бир мүнөт) деген анын дебютун эске салды.

Герцог: «Президент Эрдоган менен туура багытта бара жаткан ачык жана чынчыл диалог болгонуна абдан кубанычтамын»,-деди.



Тектеш кабарлар