Украина Литвадан дагы көбүрөөк аскерий унааларды сатып алат

Бул тууралуу Литванын коргоо министри Арвидас Анусаускас социалдык медиа эсебинен билдирди.

1832552
Украина Литвадан дагы көбүрөөк аскерий унааларды сатып алат

 

Литванын коргоо министри Арвидас Анусаускас Орусиянын кол салуусуна дуушар болгон Украинага дагы көп аскерий унаа жөнөтө тургандарын айтты.

Анусаускас социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө, «Украинага жаңы колдоо жөнөтүүнү даярдап жатабыз. 20 М113 БТР, 10 аскердик жүк ташуучу унаа жана 10 SUV унаасы (миналарды тазалоо операциялары үчүн) жакында Украинага жеткирилет»,деген сөздөргө орун берди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирби да АКШнын Украинага 800 миллион долларлык аскерий жардам пакетинин алкагында 200 M113 унаасын бере турганын билдирди.



Тектеш кабарлар