Орусиянын Украинага кол салуусунда каза болгон балдар...Кыйроолор...Жоготуулар...

Украинанын башкы прокурорлугунун билдирүүсүндө, «26-май күнү эртең менен Орусиянын Украинадагы чабуулдарынан 238 бала каза болуп, 433 бала жараат алды»,делди.

1832293
Орусиянын Украинага кол салуусунда каза болгон балдар...Кыйроолор...Жоготуулар...
rusya-ukrayna.jpg
Harikv Ukrayna2.jpg

Орусиянын Украинага карай кол салууларында 238 бала каза болгону кабарланды.

Украинанын башкы прокурорлугунун билдирүүсүндө, «26-май күнү эртең менен Орусиянын Украинадагы чабуулдарынан 238 бала каза болуп, 433 бала жараат алды»,делди.

Билдирүүдө бул көрсөткүчтөрдүн акыркы маалыматтар эместиги, убактылуу басып алынган жана бошотулган аймактарда аныктоо иштеринин уланып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө Украинада көптөгөн шаарлардын бомбаланышынын натыйжасында аскердик пункттар менен бирге көптөгөн коомдук имараттардын да зыянга учураганы жана зыянга учураган 848 билим берүү мекемесинин 173үнүн толугу менен талкаланганы белгиленди.

Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Александр Мотузяник:«Биз Орусия биздин өлкөгө каршы масштабдуу агрессиясынын эң активдүү баскычында экенин байкап жатабыз. Украинанын чыгыш фронтунда кырдаал өтө оор, өлкөнүн тагдыры ал жакта чечилүүдө»,-деди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.

 



Тектеш кабарлар