АКШдагы башталгыч мектепке кол салуу, Байдендин билдирүүсү...

Увалде шаарындагы Робб башталгыч мектебине курал менен кол салган Сальвадор Рамостун (18) полиция менен кагылышууда таасирсиз абалга келгени билдирилди.

1832369
АКШдагы башталгыч мектепке кол салуу, Байдендин билдирүүсү...

АКШнын Техас штатында башталгыч мектепке болгон кол салууда 18и бала жана 3ү чоң киши болуп бардыгы 21 киши каза болду.

Техас сенатору Роланд Гутиеррес CNN телеканалына окуяда ушул кезге чейин 18 бала жана 2 чоң киши, 20 киши каза болгонун билдирди.

Увалде шаарындагы Робб башталгыч мектебине курал менен кол салган Сальвадор Рамостун (18) полиция менен кагылышууда таасирсиз абалга келгени билдирилди.

Ушул эле шаарда жашаган Рамостун кол салуу болгон башталгыч мектептин жанындагы лицейдин окуучусу экени массалык маалымат каражаттарында жарыяланып, полиция окуянын себеби тууралуу азырынча билдирүү жасай элек. .

АКШ президенти Жо Байден атышуу боюнча:«Кудай үчүн куралдын лоббисине качан туруштук беребиз?»-деди.

Азия сапарынан кайтып келип, Ак үйдө маалымат жыйын өткөргөн Байден жубайы Жилл Байден экөө журналисттик кызматка киришкенде мындай сөз сүйлөбөшү үчүн тиленишкенин айтты.

Бир жума мурун Нью-Йорктун Буффало шаарында куралдуу кол салуу болгонун эске салган Байден өлкөдө куралдуу зомбулуктун күчөгөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Улуттук билим берүү ассоциациясы Техас штатынын Мугалимдер ассоциациясы менен биргелешкен билдирүүсүндө: «Биздин мамлекеттик мектептер окуучулар жана мугалимдер үчүн эң коопсуз жайлардын бири болушу керек. Саясатчылар акыры жоопкерчиликти алып, курал коопсуздугу маселесин чечиш үчүн дагы канча массалык чабуул керек?»-деп айтты.

Америкалык Мугалимдер федерациясынын жетекчиси Ранди Вайнгартен да кол салууга реакция кылып: «Бул өлкөдө гана ата-энелер балдарынын мектепте коопсуз болоруна ишенишпейт»,- деди.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, акыркы кол салууну кошпогондо, жыл башынан бери өлкөдөгү билим берүү мекемелеринде болгон 38 куралдуу кол салууда кеминде 10 адам каза болуп, 51 киши жараланган.



Тектеш кабарлар