Европа Биримдиги Украинага кошумча 500 миллион евролук жардам берет

Бул тууралуу Европа Биримдиги Кеңешинен маалымат берилди.

1831744
Европа Биримдиги Украинага кошумча 500 миллион евролук жардам берет

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү Орусия менен согушуп жаткан Украинага аскерий колдоо көрсөтүү үчүн кошумча 500 миллион евро бөлүүнү макулдашты.

Евробиримдик Кеңешинин билдирүүсүндө, Европа Биримдигинин жардамынын Украина армиясынын өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо мүмкүнчүлүгүн жана каршылыгын, ошондой эле карапайым калктын Орусиянын кол салуусунан корголушун колдой турганы белгиленди.

Акыркы жардам менен Евробиримдиктин Украинага берген аскердик жардамынын жалпы көлөмү 2 миллиард еврого жетти.

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл: «Бул колдоо Европанын Украинанын өзүн-өзү коргоо аракетинин бир гана бөлүгү. Евробиримдик жана ага мүчө мамлекеттер колдоо көрсөтүүнү улантууга чечкиндүү. Биз согуш башталгандан бери жардам берип келебиз, согуш бүткүчө жардам беребиз»,-деп айтты.

Евробиримдиктин аскерий жардамы курал-жарактарды жана буюмдарды, ошондой эле коргоочу шаймандар, биринчи жардам көрсөтүүчү аптечкалар жана күйүүчү май сыяктуу нерселерди камтыйт.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар