БУУ санариптик технологияны кыянаттык менен пайдалануу боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари ди Карло БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингинде санариптик технологияларды колдонуу жөнүндө маалымат берди.

1831544
БУУ санариптик технологияны кыянаттык менен пайдалануу боюнча эскертти

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес тараптардын санариптик технологияларды саясий жана аскердик максаттарда кыянаттык менен пайдалануусу 2015-жылдан бери 4 эсеге өскөндүгү маалымдалды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари ди Карло БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингинде санариптик технологиялар жашоонун бардык тармактарында чексиз мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, ошол эле учурда жаңы тобокелдиктерди жаратып жатканына көңүл бурду.

«Санарип технологияларды мамлекеттик жана мамлекеттик эмес тараптардын саясий жана аскердик максаттарда кыянаттык менен пайдалануусу 2015-жылдан бери дээрлик төрт эсеге өстү”»,-деп айткан ди Карло: «Ошол эле учурда өлүмгө алып келген автоматтык курал күч колдонууда адамдын жоопкерчилиги тууралуу суроолорду жаратат», - деди.

Ди Карло адамдын кийлигишүүсүз адам өмүрүн алган машиналар «саясий жактан кабыл алынгыс жана моралдык жактан жийиркеничтүү» экенин жана бул машиналарга эл аралык укук тарабынан тыюу салынышы керектигин белгиледи.

Мамлекеттик эмес актерлордун күн тартибин ишке ашыруу үчүн арзан жана кеңири жайылган санарип технологияларды колдонууда барган сайын чебер болуп жатканын белгилеген ди Карло террордук уюмдар ДЕАШ жана Аль-Каиданын жумуш жана пландоо үчүн социалдык медиа платформаларын активдүү колдонуп, бул каналдар аркылуу акча чогулткандарын айтты.

Белгилүү бир коомдор жана инсандар санариптик технологияларды колдонуу менен байкалып, бутага алынганын белгилеген ди Карло социалдык медианын поляризацияны жана кээде зордук-зомбулукту күчөткөнүн белгиледи.

Розмари Ди Карло санарип технологияларды колдонуу боюнча глобалдык санариптик принциптер аныкталышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар