Украина: «Донецк менен Лугансктагы орусиялык чабуулдардын мизи майтарылды», орусиялык жоготуулар...
Укриана Президенттигинин билдирүүсүндө өлкөнүн чыгышында согуш уланып жаткан аймактарга Орусиянын абадан кол салууларынын көбөйгөнү белгиленген.


Украинанын Башкы штабы орус армиясынын Донецк жана Луганск шаарларында акыркы 24 сааттагы 9 кол салуусунун украин армиясы тарабынан мизи майтарылганын жарыялады.
Президенттиктин билдирүүсүндө өлкөнүн чыгышында согуш уланып жаткан аймактарга Орусиянын абадан кол салууларынын көбөйгөнүн белгилеп, «Душман Чыгыш операциялар аймагындагы чабуул аракеттерин токтотпой жатат»,деген.
Беларусь чек арасынан Украинанын отурукташкан жерлерине абадан жана артиллериялык кол салуу коркунучунун уланганы белгиленген билдирүүдө Беларусь тараптагы чек ара аймагына кошумча атайын чалгындоо каражаттарынын жайгаштырылганы маалымдалды.
Орус армиясынын Украинанын түндүк-чыгышындагы Суми жана Чернигов аймактарына абадан операция жүргүзгөнү маалымдалган билдирүүдө украин армиясынын Запорожьедеги аскерлерине ок чыгарганы белгиленди.
Орусиянын Донецк жана Луганск аймактарында акыркы бир күндөгү 9 кол салуусунун Украина куралдуу күчтөрү тарабынан мизи майтарылганы белгиленген билдирүүдө, украин аскерлеринин орустарга таандык 5 танк, 10 броне унаа, 2 унаа жана 4 артиллериялык системасын жок кылганы белгиленди.
Орус армиясы тарабынан учурулган эки ракетанын Донбасста да атып түшүрүлгөнү бөлүшүлгөн билдирүүдө украиналык согуштук учактардын орустарга таандык 10 аскердик пунктту жок кылганы белгиленди.
Бир тараптан Башкы штаб орус армиясынын ушул убакка чейин 29050 аскерин, анын ичинде акыркы 24 саатта 200 аскерин жоготкондугун билдирди.
Президенттиктин расмий сайтында орус армиясынын 24-февралдан 22-майга чейинки жоготууларына байланыштуу жазуу түрүндөгү маалымат жарыяланды.
Орус армиясынын акыркы 24 саатта каза болгон 200 аскери менен бирге 29050 аскерин жоготкондугу белгиленген билдирүүдө, 204 орус учагы, 170 тик учагы, 1285 танкы, 3141 броне унаасы, 599 замбирек, 201 ракета аткычы жана 93 абадан коргонуу системасы жок кылынды.
Мындан тышкары орус күчтөрүнө таандык 2194 унаа, 13 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык жана 470 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынганы маалымдалды.
Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.