Орусия: «Азовсталь металлургиялык заводу эвакуацияланды», Зеленскийден алмашуу сунушу

Зеленский Орусиянын 24-февралда өлкөсүнө каршы баштаган согушуна өзү катышкан телеканалда баа берди.

1830195
Орусия: «Азовсталь металлургиялык заводу эвакуацияланды», Зеленскийден алмашуу сунушу

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мариуполдогу Азовсталь заводунан Орусиянын көзөмөлүндөгү шаарларга алып барылган украин аскерлери менен орус туткундарын алмаштырууга даяр экендиктерин билдирди.

Зеленский Орусиянын 24-февралда өлкөсүнө каршы баштаган согушуна өзү катышкан телеканалда баа берди.

Азовсталь темир заводундагы жарандарды жана аскерлерди куткаруу үчүн өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын белгилеген Зеленский бул алкакта Түркия, Швейцария, Израиль жана Франциянын лидерлери менен сүйлөшкөнүн билдирди.

Зеленский украин аскерлери Азовсталдан чыгарылып кеткенден кийин, алар орус туткундарын алмаштырууга даяр экендиктерин эске салып: «Биз аларды үйгө алып келебиз. Жоопкерчиликти алган өнөктөштөр менен жасашыбыз керек болгон да ушул»,-деди.

Украинадагы согушту Орусиянын баштаганына көңүл бурган Владимир Зеленский согушту токтотуу үчүн аракет кыла тургандарын баса белгиледи.

Зеленский: «Жеңиш абдан оор болот, кандуу болот. Жеңиш сөзсүз түрдө күрөш менен болот, бирок (согуштун) аягы дипломатия болот, мен ага ишенем»,-деп айтты.

Коопсуздук кепилдиги маселеси боюнча Украинанын лидери: «Бүгүн биз ишенген өнөктөш мамлекеттерден коопсуздук кепилдеринин чөйрөсүн түзүүгө аракет кылып жатабыз. Алар менен биргеликте бул долбоорду иштеп чыгуудабыз»,-деп баа берди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Мариуполдо Орусияга каршылык көрсөтүүнү уланткан Азовсталь темир заводундагы украин аскерлеринин 531 кишилик акыркы тобунун кабыл алынганын жана заводдун толугу менен эвакуацияланганын жарыялады.

Орус басма сөз катчысы 16-майдан бери заводдон бардыгы болуп 2439 украин жоокери курал-жарактарын таштап багынып бергенин билдирген.



Тектеш кабарлар