Украина орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 150 аскерин жоготкондугун, 24-февралдан бери жалпы 28 миң 850 аскер каза болгонун жарыялады.

1830101
Украина орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 150 аскерин жоготкондугун, 24-февралдан бери жалпы 28 миң 850 аскердин каза болгонун жарыялады.

Президенттиктен орус армиясынын согуш башталган 24-февралдан 21-майга чейинки мезгилдеги жоготууларга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

Билдирүүдө орус куралдуу күчтөрүнүн бүгүнкү күнгө чейин жалпы 28 миң 850 аскерин, 204 учак, 169 тик учак, 1278 танк, 3116 броне унаа, 596 замбирек, 201 ракета аткыч жана 93 абадан коргонуу системасын жоготкондугу белгиленди.

Орус армиясынын 2 миң 178 унаасы, 13 кемеси, жеңил ылдамдыктагы кайыктары жана 462 учкучсуз учуучу аппаратынан ажыраганы маалымдалган билдирүүдө орустар тарабынан учурулган 104 канаттуу ракетанын Украина армиясы тарабынан атып түшүрүлгөнү айтылды.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25 - марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу маалымдалган.

Бир тараптан Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө орус армиясынын Украинада жасаган кол салууларынан 231 баланын каза болгону, 430 баланын жаралангандыгы айтылууда.  



Тектеш кабарлар