Россия Финляндияга жаратылыш газ өткөрүүнү токтотту

Газпром өткөн жылы Финляндия керектеген жаратылыш газынын 70 пайызга жакынын камсыздаган.

1830054
Россия Финляндияга жаратылыш газ өткөрүүнү токтотту

Россиянын энергетика компаниясы Газпром Финляндияга жаратылыш газ өткөрүүнү толугу менен токтоторун билдирди. Газпромдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта финляндиялык жаратылыш газ компаниясы Газумдун орус газы үчүн керектүү төлөмдү рубль менен жасабаганы белгиленди.

Билдирүүдө 1 - апрелден тарта орус газы үчүн төлөмдөрдүн рубль менен жүргүзүлүшү керектиги баса белгиленип, айтылган төлөм ишке ашпагандыктан Газум жана Финляндияга жаратылыш газын ташуунун бүгүн толугу менен токтотулгандыгы маалымдалды.

Газпром өткөн жылы Финляндия керектеген жаратылыш газынын 70 пайызга жакынын камсыздаган.

Финляндиялык Газум компаниясынын кечээки билдирүүсүндө жаратылыш газынын бүгүн токтотула  тургандыгы жана компаниянын бул абалга даярдангандыгы билдирилди.

Россиянын эң ири электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү компаниясы болгон Интер РАО өткөн аптада  төлөмдү ала албаганы үчүн Финляндияга электр энергиясын мындан ары бербей турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар