Роб Бауэр Финляндия жана Швециянын мүчөлүгү тууралуу билдирди

Бауэр Швеция менен Финляндиянын мүчө болушу үчүн 30 союздаш өлкөнүн уруксатынын керектигин эске салды.

1829710
Роб Бауэр Финляндия жана Швециянын мүчөлүгү тууралуу билдирди

НАТОнун Аскердик комитетинин төрагасы адмирал Роб Бауэр НАТОго мүчө болуу үчүн кайрылган Финляндия жана Швецияга мүчөлүккө чейин өтө турган убакыттын ичинде бериле турган коопсуздук кепилдиктеринин НАТО келишиминин  5 -  беренесиндегидей болбой тургандыгын айтты.

Түркиянын атынан башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер катышкан НАТОнун башкы штаб төрагаларынын жыйыны  Бельгиянын борбор шаары Брюсселде  өттү. жыйындан кийин НАТО Аскердик комитетинин төрагасы, адмирал Роб Бауэр жана НАТОнун жогорку союздаш күчтөрүнүн командири,  генерал Тод Волтерс журналисттерге маалымат беришти.

Бауэр НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылган Швеция менен Финляндияга коопсуздук кепилдигинин берилип же берилбей тургандыгына  байланыштуу бир суроого жооп берип, мүчөлүк үчүн бир процесстин керек экендигин жана эки өлкөнүн мүчө болушу үчүн 30 союздаш өлкөнүн уруксатынын керектигин эске салды.

Роб Бауэр коопсуздук кепилдиги тууралуу : «Бул убакыттын ичинде эки өлкөнүн коопсуздук кепилдиктеринин болушу маанилүү. Бул кепилдиктер 5 -  берене менен бирдей эмес анткени эки өлкө тең азырынча мүчө эмес. Баарыбыз билгендей  Финляндия жана Швеция менен коопсуздук кепилдигин түзүү үчүн сүйлөшүп, келишкен өлкөлөр бар»,- деди.

Жыйында  24 -  февралда Россиянын кол салуусуна учураган Украинадагы абалдар тууралуу да сүйлөшкөндөрүн айткан Бауэр Украинанын башкы штабынын төрагасы Валерий Залужныйдын союздаш өлкөлөрдүн командирлерине акыркы абал тууралуу маалымат бергендигин айтты.

Адмирал Роб Бауэр : «Украина калкынын эркиндиги үчүн согушууну каалагандыгын кубаттайбыз. Украина орус оккупациясын эч качан кабыл албайт. НАТО да канчалык керек болсо Украинага ошончолук жардам берүүнү улантат»,- деди.  



Тектеш кабарлар