Европа Биримдиги өлкөлөрүнө барган украиналыктар
Россиянын кол салууларынан кийин өлкөлөрүнөн чыгып Европа Биримдиги өлкөлөрүнө барган украиналыктардын саны 6,3 миллионго жетти.
Россиянын кол салууларынан кийин өлкөлөрүнөн чыгып Европа Биримдиги өлкөлөрүнө барган украиналыктардын саны 6,3 миллионго жетти.
Европа Биримдигинин чек араны коргоо агенттиги Frontexтен берилген маалыматка караганда украиналыктар өз өлкөлөрү менен бирге Молдовадан чыгып Европа Биримдиги өлкөлөрүнө киришти.
Маалыматка караганда украиналыктар эң көп Польшага барган. Польшада 3, 4 миллион украиналык бар. Башка коңшу өлкөлөрдөн Румынияга 1,8 миллион, Венгрияга 650 миң, Словакияга 420 миң кишинин баргандыгы белгиленди.
Акыркы күндөрдө Украинага киргендердин санында өсүү болгондугу көрүнүүдө. Согуш башталган 24-февралдан бери өлкөгө 2 миллион адам кирген. Алардын жарымы Украина жарандары.
Акыркы 10 күндө Европа Биримдигинин чек арасынан Украинага киргендердин саны күнүнө орто эсеп менен 32 миңге жетти.
Украинанын жарандары Европа Биримдиги өлкөлөрүнө визасыз кире алышат.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.