Орусия-Украина сүйлөшүүлөрү токтотулду

Украинанын президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк 24-февралдагы согуш башталгандан бери Украинадагы кырдаал бир топ өзгөргөнүн билдирди.

1828583
Орусия-Украина сүйлөшүүлөрү токтотулду

Украинанын президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк өлкөсү менен Орусиянын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүү процессинин токтотулганын билдирди.

Михаил Подоляк 24-февралдагы согуш башталгандан бери Украинадагы кырдаал бир топ өзгөргөнүн билдирди.

«Орус бийлиги муну дагы деле түшүнө элек» деген Подоляк, Украина менен Орусиянын ортосундагы согуштун аякташына байланыштуу делегациялар ортосундагы сүйлөшүү процессинин Орусиянын өзгөрүүлөрдү эске албаганы үчүн токтотулганын айтты. Подоляк кырдаал тууралуу: «Сүйлөшүү процесси Украинадагы окуялардын кандай жүрүп жатканынан көз каранды. Стамбул декларациясынан кийин олуттуу өзгөрүү же жылыш болбогондуктан процесс убактылуу токтотулду. Орусия дагы эле стереотиптик ой жүгүртүүсүн сактап келет. Жалпысынан Орусия согуштун 82-күнүндө да, Украинадагы кырдаалдын башында алар ойлогондой эмес экенин түшүнгөн жок. Бирок мен муну баса белгилейм: кандай гана согуш болбосун сүйлөшүү үстөлүндө бүтөт»,-деп айтты.

Орусия менен Украинанын делегациялары ок атышпоого жетишүү үчүн Беларустун Гомель жана Брест шаарларында үч жолу, Түркиянын Стамбул шаарында бир жолу бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. 29-мартта Стамбулда болгон сүйлөшүүлөрдө ок атышпоо боюнча олуттуу жылыштар болгон.



Тектеш кабарлар