Финляндия менен Швеция НАТОго мүчө болуу үчүн расмий арыз каттарын тапшырышты

Баш катчы Столтенберг каттарды Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОго аккредиттелген Швеция жана Финляндиянын элчилеринен алды.

1828732
Финляндия менен Швеция НАТОго мүчө болуу үчүн расмий арыз каттарын тапшырышты
İsveç NATO.1.jpg

Финляндия менен Швеция НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге НАТОго мүчө болуу үчүн расмий арыз каттарын тапшырышты.

Баш катчы Столтенберг каттарды Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОго аккредиттелген Швеция жана Финляндиянын элчилеринен алды.

Столтенберг бул жерде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ар бир өлкөнүн өз жолун тандоо укугу бар экенин, эки өлкөнүн талаптарын кубаттай турганын айтты.

Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгү НАТОнун коопсуздугун жогорулата турганын айткан Йенс Столтенберг: «Бүгүнкү сунуштар тарыхый кадам болуп саналат. Эми союздаштар НАТОго баруу жолун карашат. Бардык союздаштардын коопсуздук маселелери эске алынышы керек. Биз бардык маселелерди деталдуу чечүүгө жана тез арада чечимге келүүгө чечкиндүүбүз»,- деди.

Столтенберг НАТОнун кеңейүү зарылдыгына бардык союздаштар макул экенин билдирди.



Тектеш кабарлар