Түндүк Кореяда Ковид - 19дан биринчи жолу өлүм кабары билдирилди
Каза болгон 6 кишинин биринде Ковид - 19дун Омикрон варианты аныкталды.

Ковид - 19 эпидемиясы башталган эки жылдан ашуун убакыттан бери өлкөдө эпидемиянын жайылбагандыгын айткан Түндүк Кореяда вирустан улам алгачкы өлүмдүн болгондугу билдирилди.
Кечээ биринчи жолу Ковид - 19 бейтабынын аныкталгандыгы билдирилген Түндүк Кореяда борбору Корея болгон расмий маалымат агенттигинин кабарына караганда 6 киши вирустан каза болду.
Каза болгон 6 кишинин биринде Ковид - 19дун Омикрон варианты аныкталды.
Өлкөдө апрель айынын акырынан бери жогорку температура болгон 350 миң кишиден 162 миң 200зү айыккан болсо, 187 миң 800зү карантинге алынды.
Түндүк Кореяда бир гана кечээ 18 миң кишиде жогорку температуранын белгилери ортого чыгып, булардан канчасынын Ковид - 19 бейтабы экендиги тууралуу маалымат берилген жок.
Ошол эле учурда Корея маалымат агенттигинин кабарында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кечээ чукул түрдө эпидемияны алдына алуу борборуна барып, жетекчилерден маалымат алгандыгы билдирилди. Кимдин бул жерде жетекчилерди эпидемияны алдын ала албаганы үчүн сынга алгандыгы тууралуу маалымат берилди.
Түштүк Кореянын Биригүү министрлигинин катчысы Бу Сеун - чан Түндүк Кореянын эпидемия менен күрөшүү үчүн Пхеньян башкаруусу талап кыла турган болсо медициналык жардам көрсөтө аларын айтты.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен коңшусу жана досу Түндүк Кореянын эпидемияга каршы күрөшүн "толук колдоого" даяр экенин билдирди.
Саламаттыкты сактоо системасы жакшы болбогон жана эл Ковид-19га каршы эмделбеген Түндүк Кореяда эпидемиянын гуманитардык кризисти алып келиши мүмкүн.
Тектеш кабарлар

Орусия менен Кытайдын согуштук учактары Азия-Тынч океан аймагында патрулдук учуусун ишке ашырды
Билдирүүдө патрулдук каттамдар эч бир үчүнчү өлкөгө багытталбаганы баса белгиленген.