Орус армиясынын Украинадгы жоготуулары

Украинанын Башкы штабы орус армиясы акыркы 24 саатта дагы 250 аскерин жоготкондугун билдирди.

1826779
Орус армиясынын Украинадгы жоготуулары

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 250 аскерин жоготкондугун, согушта каза болгон орус аскерлеинин саны 26 миң 900гө жеткенин жарыялады. Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 13-майга чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат берди. Буга ылайык орус армиясы акыркы 24 саатта дагы 250 аскерин жоготту жана бул жоготуулар көбүнчө Донецктин Курахове шаары багытындагы кагылышууларда болду.

Маалыматта  орус армиясынын жалпысынан 26 миң 900 аскер жана 200 учак, 162 тик учак, 1205 танк, 2 миң 900 броне унаа, 542 артиллерия, 193 ракета атуу системасы жана 88 абадан коргонуу системасын жоготкондугу билдирилди. Ошондой эле орустар тарабынан учурулган 95 канаттуу ракетанын да Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылып жок кылынганы белгиленди.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар