ЮНИСЕФ : "Согушта акыркы айда 100 бала каза болду"

24 -  февралда Россиянын баштаган согушунан улам Украинада акыркы бир айда  100гө жакын баланын каза болгондугу билдирилди.

1826530
ЮНИСЕФ : "Согушта акыркы айда 100 бала каза болду"

24 -  февралда Россиянын баштаган согушунан улам Украинада акыркы бир айда  100гө жакын баланын каза болгондугу билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун  Балдар Фонду ЮНИСЕФтин жооптуу кызматкери Омар Абди БУУнун Коопсуздук Кеңешинде берген брифингинде Украинадагы согуштун балдар укуктары кризисин жаратканын айтты.

Мектептерге жасалган кол салууларга жана балдардын билим алуу укугунан ажыратылышына көңүл бурган Абди Украинада акыркы бир айда 100гө жакын баланын каза болгонун белгиледи.

Ошол эле учурда Америка Кошмо Штаттарынын  БУУдагы туруктуу өкүлү Ричард Миллс, Россиянын согуш башталгандан бери күн сайын орто эсеп менен 22 мектепти бутага алганын айтты.

Россиянын  БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя орус армиясына коюлган айыптарды четке кагып, Украинада балдарга тарыхтын туура окутулбай  жатканын айтты.

Украинанын БУУдагы элчиси Сергей  Кислиц Россияны украиналык балдарды уурдап жана мыйзамсыз жолдор менен асыроого алуу  менен айыптады.



Тектеш кабарлар