Япония : "Түндүк Кореянын ракеталары улуттук өзгөчө экономикалык аймагынын тышында"
Япониянын коргоо министри Киши Нобуо Түндүк Корея кечээ учурган 3 ракетанын япон улуттук өзгөчө экономикалык аймагынын чегинен тышкары экендигин айтты.

Япония Түндүк Корея кечээ учурган ракеталардын улуттук өзгөчө экономикалык аймагынын чегинен тышкары экендигин билдирди.
АКШнын президенти Жо Байдендин 20 – 24 - майда Япония менен Түштүк Корея сапарынан мурда Түндүк Кореянын ракета сыноолору аймак өлкөлөрүн тынчсыздандырууда.
Япониянын коргоо министри Киши Нобуо Түндүк Корея кечээ учурган 3 ракетанын япон улуттук өзгөчө экономикалык аймагынын чегинен тышкары экендигин айтты.
Киши Түндүк Кореянын батыш жээктеринен учурулган ракеталардын 100 километрдик бийиктикке жеткендиги жана 350 километрды өткөндүгү болжолдолгондугун билдирди.
Учурууну "кабыл алынгыс" деп мүнөздөгөн Киши : «Түндүк Кореянын бул иш-аракеттери биздин өлкөнүн тынчтыгына жана туруктуулугуна коркунуч туудурууда»,-деди.
Япон министри ракеталар түшкөн Япон деңизинде (Чыгыш деңизи) жүргүзүлгөн экспертизалардын жүрүшүндө аймакта учкан учак жана кемелерге эч кандай зыян келтирилбегенин билдирди.
Учуруу себеби менен Түндүк Кореяга Япониянын Пекин элчилигинин жардамы менен нааразычылык нотасынын берилгендиги маалымдалды.
Түндүк Кореянын 2022 – жылдын башынан бери аткарып келе жаткан ракета сынагынын саны 15ке жетти.
Тектеш кабарлар

Орусия менен Кытайдын согуштук учактары Азия-Тынч океан аймагында патрулдук учуусун ишке ашырды
Билдирүүдө патрулдук каттамдар эч бир үчүнчү өлкөгө багытталбаганы баса белгиленген.