Түндүк Кореяда биринчи жолу Ковид - 19 бейтабы аныкталды

Ким Чен Ын эпидемияга жол бербөө үчүн өлкөнүн бардык провинцияларында жана райондорунда «коменданттык саат» киргизүүгө чакырды.

1825857
Түндүк Кореяда  биринчи жолу Ковид  - 19  бейтабы аныкталды

Эки жылдан ашуун убакыттан бери бүткүл дүйнөгө жайылган Ковид  - 19  эпидемиясынын өлкөдө жайылбагандыгын айткан Түндүк Кореяда биринчи жолу бир бейтаптын аныкталгандыгы билдирилди. 

Расмий Корея борбордук маалымат агенттигинин кабарында борбор шаар Пхеньяндагы бейтаптардан алынган үлгүлөрдө  Ковид  - 19дун кездешкениги жарыяланды. Кабарда канча бейтаптын аныкталгандыгы тууралуу маалымат берилбестен, бейтаптарда Омикрондун "BA.2" деп билинген вариантыбар  экендиги айтылды. 

Өлкөдө "өзгөчө кырдаал" жарыяланып,  Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын баш болгон жогорку мартабалуу расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өткөн жыйында эпидемияны алдын алуу тутумун эң жогорку деңгээлде ишке ашыруу чечими кабыл алынганы белгиленди.

Ким эпидемияга жол бербөө үчүн өлкөнүн бардык провинцияларында жана райондорунда «коменданттык саат» киргизүүгө чакырды. 

Эпидемияны жеңе тургандарын баса белгилеген Ким медицина кызматкерлерин жумуш орундарында жана үйлөрүндө дезинфекциялоо иштерин тездетүүгө жана эпидемияга каршы бардык медициналык жабдууларды жана шаймандарды колдонуу керектигин айтты. 

 

 

 



Тектеш кабарлар