АКШдан Түркияга F-16

Жо Байдендин жетекчилиги, Түркияга F-16лардын сатылышына жол ача турган жаңы курал сатуу боюнча аракеттерин арттырды.

1825660
АКШдан Түркияга F-16

АКШ жетекчилигинин Түркияга F-16 тетиктери жана бул учактарда колдонула турган кээ бир ракета жана радар системалары тууралуу Конгресске алдын ала маалымат бергени билдирилди.

Wall Street Journal (WSJ) гезитинин темага жакын АКШлык жооптуу кызматкерлерге таянып жазган кабарына караганда, президент Жо Байдендин жетекчилиги Украинадагы согушта ойногон ролунан кийин Түркияга F-16лардын сатылышына да жол ача турган жаңы курал сатуу боюнча аракеттерин арттырды.  

Буга ылайык Байден жетекчилиги Түркияга F-16нын айрым бөлүктөрүн, бул учактарда колдонула турган ракета жана радар системаларын сатуу боюнча долбоорду Конгресске жөнөттү. Конгресстин лидерлери бул сатууга каршы болбосо, жакынкы күндөрдө Конгресске расмий сатуу билдирүүсү жарыяланышы күтүлүүдө.

Байден башкаруучулугунун бул кадамында 24-февралдан бери согушуп жаткан Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө Түркиянын лидерлик кылышы жана Украина армиясына (куралдуу учкучсуз учуучу аппарат) жагынан колдоо көрсөтүүсү таасирдүү болгонуна көңүл бурулду.

Мындан тышкары, бул курал сатуунун Конгрессте бекитилиши Түркияга 40 даана F-16 учагынын сатылышына да жол ачышы мүмкүн.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан март айында Конгресске жөнөтүлгөн катта «Түркияга F-16лардын сатылышы АКШнын улуттук кызыкчылыктарына туура келет» деп бааланган.



Тектеш кабарлар