АКШнын Калифорния штатында өрт чыкты

Жетекчилер өрттө кеминде 20 үйдүн күлгө айлангандыгын белгилешти.

1826030
АКШнын Калифорния штатында өрт чыкты

АКШнын Калифорния штатында чыккан өрттө кеминде 20 үй күлгө айланды. 

Калифорниянын түштүгүндө  бадалдуу аянтта чыккан өрртүн катуу шамалдын таасири менен ылдам жайылып, миллион долларлык үйлөр болгон Оранж округунун Лагуна Нигел шаарына жайылды.

Жетекчилер өрттө кеминде 20 үйдүн күлгө айлангандыгын белгилешти.

Орнаж окуругунун өрткө каршы кызматынын башчысы Брайан Феннесси өрттөн улам 100гө жакын үйдүн бошотулгандыгын билдирди.

Калифорнияда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тарыхый кургакчылык болгонун айткан Феннесси, адатта отко чыдамдуу болгон бадалдардын кургакчылыктан улам мурдагыдан да тез күйгөнүн белгиледи.

Аймактагы өрт өчүрүүчүлөрдүн өрттү өчүрүү аракеттери уланууда.

 



Тектеш кабарлар