Россиянын Украинадагы жоготуулары тууралуу маалымат берилди

Украинанын Башкы штабы 24 - февралдагы согуш башталгандан бери орус армиясы 26 миң 350 жоокерин, 199 учагын, 160 тик учагын жана 1187 танкын жоготконун билдирди

1825327
Россиянын Украинадагы жоготуулары тууралуу маалымат берилди

Украинанын Башкы штабы 24 - февралдагы согуш башталгандан бери орус армиясы 26 миң 350 жоокерин, 199 учагын, 160 тик учагын жана 1187 танкын жоготконун билдирди.

Украинанын Башкы штабынын орус армиясынын 24 - февралдан 11-майга чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 350 аскерин жоготкондугу маалымдалды.

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 26 миң 350 аскери менен 199 учак, 160 тик учак, 1187 танк, 2 миң 856 броне унаа, 528 замбирек, 185 ракета атуу системасы жана 87 абадан коргонуу системасын жоготкондугу билдирилди.

Орус күчтөрүнүн 1997 унаа, 12 кеме, жеңил ылдамдыктагы кайык жана 390 учкучсуз учуучу аппаратын жоготкондугу белгиленген билдирүүдө орустар тарабынан учурулган 94 канаттуу ракетанын да Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылып жок кылынганы айтылды.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25 - марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу маалымдалган.



Тектеш кабарлар