Иракта ДЕАШка карата операция жүргүзүлдү

Операцияда 9 террорист жок кылынды.

1825323
Иракта ДЕАШка карата операция жүргүзүлдү

Ирактын Керкүк шаарында ДЕАШ террордук уюмуна карата эки күн мурда башталган операцияда 9 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.

Ирак өкмөтүнө караштуу Коопсуздук Медиа желесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ирак армиясы тарабынан Сергаран аймагына жакын жерде 9 -  майда террордук уюмга карата башталган операциянын улантылып жаткандыгы билдирилди.

Маалыматта аймактагы Грав дөңсөөсүнө жакын жерлерде террордук уюмдун мүчөлөрү баш калкалаган жердин жардырылгандыгы жана баш калкалоочу жердеги 9 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди. Маалыматта жок кылынган террористтердин арасында изделген террористтердин да бар экендиги белгиленди.

ДЕАШ 2014 -  жылы июнь айында Ирактын Мусул, Салахаддин жана Энбар аймактарын толугу менен Дияла жана Керкүк аймактарынын бир бөлүгүн колго алып, бул аймактар көптөгөн жылдардын ичинде уюмдан кайра алынды.

Террордук уюм ДЕАШтын аймактан чыгарылышы жана шаарлардын кайра алынышынан бери 4 жылдан ашуун убакыт өткөндүгүнө карабастан уюмдун өзгөчө Керкүк, Дияла, Мусул, Салахаддин жана Энбар аймактарынын элет жерлериндеги кол салуулар улантылууда.



Тектеш кабарлар