Литва: "Орусиянын Украинага кол салуусу- геноцид"

Литва парламенти Орусиянын аскердик күчтөрүнүн Украинанын аймагында «массалык согуш кылмыштарын» жасаганын билдирди.

1824920
Литва: "Орусиянын Украинага кол салуусу- геноцид"

Литва парламенти Орусиянын Украинага каршы согушун бир добуштан “геноцид” деп таанууну чечти.

Литванын Улуттук радио жана телекөрсөтүүсүнүн (LRT) кабарына караганда, 128 добуш менен кабыл алынган резолюцияда Орусиянын аскердик күчтөрү менен жалданма аскерлеринин Буча, Ирпин, Мариуполь, Бородянка жана Хостомель баш болгон Украинанын аймагында «массалык согуш кылмыштарын» жасаганы белгиленди. 

Резолюцияда орус күчтөрүнүн Украинага каршы жүргүзгөн кеңири масштабдагы согуштун украин элине каршы «геноцид» катары бааланганы айтылды. 

Бардык күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы жана эл аралык коомчулуктун Орусиянын кылмыштарын иликтөө үчүн атайын Эл аралык кылмыш сотун түзүшү керектиги баса белгиленген чечимде: "Аскердик күчтөрү атайылап жана системалуу түрдө жарандык элементтерди бутага алган Орусия Федерациясы терроризмди колдогон жана колдонгон мамлекет»,-деген сөздөр камтылды.

1-апрелде борбор калаа Киевдин жанындагы Буча шаарын орус аскерлеринен бошоткон украин армиясы имараттары талкаланган жана көчөлөрү өлүктөргө толгон шаарга туш болгон. Киевге жакын жердеги бошотулган конуштардан 410 жарандын сөөгү табылган.



Тектеш кабарлар