Зеленский: «Учурда Мариуполго аскерий жол менен кирүү мүмкүн эмес»

Украинанын Улуттук маалымат агенттиги Укринформдун кабарына караганда, Зеленский өлкөсүнө келген Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен борбор шаар Киевде өткөргөн маалымат жыйынында Мариуполго байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1823938
Зеленский: «Учурда Мариуполго аскерий жол менен кирүү мүмкүн эмес»

Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн орус аскерлери тарабынан курчоого алынган Мариуполь шаарына аскерий жол менен кире албай тургандарын айтты.

Украинанын Улуттук маалымат агенттиги Укринформдун кабарына караганда, Зеленский өлкөсүнө келген Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен борбор шаар Киевде өткөргөн маалымат жыйынында Мариуполго байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Владимир Зеленский орус аскерлеринин курчоосундагы Мариуполго байланыштуу: «Мариуполго аскерий жол менен кирүү мүмкүн эмес. Бүгүн мүмкүн эмес»,-деди.

Украинанын Мариуполго аскерий жол менен кирүүсүн камсыздай турган оор куралдары жок экенин белгилеген Зеленский, Орусиянын Мариуполдон украин аскерлерин эвакуациялоо үчүн туткундарды гана алмаштырганын билдиргенин да айтты.

Украинанын президенти G7нин (Экономикасы эң өнүккөн 7 өлкө) онлайн саммитинде сүйлөгөн сөзүндө карапайым калкты Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн көп түтүктүү ракета аткычтарга муктаж экенин айтты.

Орус армиясынын кечээ Украинанын Луганск аймагына караштуу Билохорвка айылына абадан чабуул жасаганына көңүл бурган Зеленский: «Орус бомбасы менен кол салууда бул жерде 60 киши набыт болду. Бул адамдар айылдагы мектепте кол салуулардан жашынып жүрүшкөн. Бул фашисттердин Европага жасаган жамандыгын тууроо болуп саналат»,-деп айтты.

Орусиянын Одесса жана башка шаарларга кол салып жатканын белгилеген Зеленский : «Бизге карапайым калкты Орусиянын чабуулдарынан коргой турган көп түтүктүү ракета аткычтар керек»,-деди.

Орусияга каршы санкциялардын катаалданышы керектигин билдирген Украинанын президенти: «Орусиялыктарды тейлеген бардык орусиялык офицерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, өзгөчө соттор санкциялык тизмеде болушу керек. Бул адамдар азырынча тизмеде жок. Аскердик кылмыш жасаган бардык орусиялыктар эл аралык кызматташтык аркылуу камакка алынып, жоопко тартылылышы керек»,-деди.

Украинага каржылык колдоо көрсөтүүнүн маанисине көңүл бурган Зеленский, согушта зыян тарткан инфраструктураны оңдоо үчүн эң аз 600 миллиард долларга муктаж экенин айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар