Зеленский: «Биз биздин жеңишибизди эч кимге аннексиялоого жол бербейбиз»

Зеленский Советтер Союзунун 2-Дүйнөлүк согушта фашисттик Германияны жеңген күнгө карата жарыялаган видеокайрылуусунда, «Биз антигитлердик коалициянын составында нацизмди жеңген ата-бабаларыбыз менен сыймыктанабыз»,-деп айтты.

1824224
Зеленский: «Биз биздин жеңишибизди эч кимге аннексиялоого жол бербейбиз»

Украинанын президенти Владимир Зеленский 9-майда Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңишти майрамдоо тууралуу, «Бүгүн биз нацизмге каршы Жеңиш күнүн белгилеп жатабыз жана биздин жеңишибизди эч кимге аннексиялоого жол бербейбиз»,-деди.

Зеленский Советтер Союзунун 2-Дүйнөлүк согушта фашисттик Германияны жеңген күнгө карата жарыялаган видеокайрылуусунда, «Биз антигитлердик коалициянын составында нацизмди жеңген ата-бабаларыбыз менен сыймыктанабыз»,-деп айтты.

Орусия Украина 9-майды жана нацизмди жеңген күнүн майрамдоодон баш тартат деп элестеткен, ал эми Экинчи Дүйнөлүк согушта миллиондогон украиндер нацизмге каршы күрөшкөнүн, Луганск менен Донецктен, Ялтадан, Симферополдон, Керчтен жана бүт Крымдан фашисттерди кууп чыкканын жана Херсон, Мелитополь, Бердянск жана Мариуполь шаарларын баскынчылардан бошотконун белгилеген Зеленский: «(Биздин ата-бабаларыбыз) Украинанын бардык булуң-бурчунан фашисттерди кууп чыккан, бирок бул шаарлар бизди шыктандырат, биз баскынчыларды өз жерибизден сөзсүз кууп чыгабыз деген ишенимди берет»,-деп айтты.

Владимир Зеленский: «Бул эки армиянын согушу эмес, бул эки дүйнө таанымдын согушу. Биз өз жолубуз менен бараткан эркин адамдарбыз. Жерибиздин бир бөлүгүн да эч кимге бербейбиз. Бүгүн биз нацизмге каршы Жеңиш күнүн белгилеп жатабыз жана биздин жеңишибизди аннексиялоо үчүн эч кимге жол бербейбиз»,-деп өз баасын берди.

Зеленский: «Ата-бабаларыбыз биздин эркиндигибиз үчүн күрөшкөн жана жеңген. Биз да өз эркиндигибиз, балдарыбыздын эркиндиги үчүн күрөшүүдөбүз, демек биз жеңебиз»,-деди.

Зеленский жакында Украинада эки Жеңиш күнү болорун айтып: «Биз ошондо жеңдик, азыр да жеңебиз. Ал эми Хрещатик (аянты) жеңиш парадын көрөт. Украинанын жеңишин»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар