Орус армиясынын Украинадагы жоготуулары

Украинанын Башкы штабы маалымат берди.

1824033
Орус армиясынын Украинадагы жоготуулары

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 25 миң 650 аскерин, 199 учагын, 158 тик учагын жана 1145 танкын жоготконун билдирди.

Башкы штабдын орус армиясынын 24-февраль - 9-май аралыгындагы жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө, орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 150 аскеринен ажыраганы белгиленди.

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 25 миң 650 аскери менен 199 учак, 158 тик учак, 1145 танк, 2 миң 764 броне унаа, 513 мылтык, 185 ракета атуу системасы жана 87 абадан коргонуу системасынын жок кылынганы кабарланды.

Орус күчтөрүнүн ошондой эле 1970 унаа, 12 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил катер менен 377 учкучсуз учуучу аппаратынан ажыраганы маалымдалган билдирүүдө, орустар учурган 94 канаттуу ракетанын да Украинанын абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнү белгиленди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу маалымдалган.



Тектеш кабарлар