Путин Украина жана мурдагы СССРдин элдерин 9-Май Жеңиш күнү менен куттуктады

Куттуктоо тууралуу Орусиянын мамлекеттик сарайы Кремлден Путиндин билдирүүсү жарыяланды.

1823693
Путин Украина жана мурдагы СССРдин элдерин 9-Май Жеңиш күнү менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин, СССРдин Экинчи Дүйнөлүк согушта фашисттик Германияны жеңүүсүнүн себебинен майрамдалган 9-Май Жеңиш күнүнө карата украин элине жолдогон кайрылуусунда нацизмдин реваншынын кабыл алынгыс экенин белгиледи.

Орусиянын мамлекеттик сарайы Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, ошондой эле Абхазия, Түштүк Осетия, Донецк Элдик Республикасы, Луганск Элдик Республикасынын жетекчилерине жана жарандарына куттуктоо катын жөнөттү.

Путин Украина менен Грузиянын жарандарын да өзгөчө куттуктады.

Сансыз курмандыктардын жана кыйынчылыктардын эсебинен нацизмди жок кылган жоокерлерге жана фронттун артында иштегендерге ыраазычылыгын жана урмат-сыйын билдирген Путин:«Бүгүнкү күндө жалпы милдет – ар кайсы өлкөлөрдөн келген адамдарга ушунча азап алып келген нацизмдин кайра жаралышына жол бербөө. Согуш жылдарындагы окуяларды, жалпы адеп-ахлактык баалуулуктарды, бир туугандыктын, достуктун салттары тууралуу чындыкты келечек муундарга жеткирүү жана сактоо зарыл»,-деп айтты.

Путин Украина элине жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кайрылуусунда Улуу Ата Мекендик согушта жеңилгендердин идеологиялык мураскорлорунун өчү кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар