Ирактык жооптуу кызматкер эл ПККнын Синжардан чыгып кетишин күтүп жатканын айтты

Синжарда 2-майда ПККга мүчө YBŞ элементтери менен Ирак армиясынын ортосунда чыккан кагылышууда ирактык бир аскердин каза болгондугу билдирилди.

1823664
Ирактык жооптуу кызматкер эл ПККнын Синжардан чыгып кетишин күтүп жатканын айтты

Ирактын Духок шаарындагы Миграция жана көчмөндөр жана кризис менен күрөшүү борборунун облустук директору Даян Жафер, Мосулдун Синжар районундагы элдин коопсуздук жана тынчтык үчүн жикчил террор уюму ПККнын райондон чыгышын күтүп жатканын айтты.

Жафер, акыркы мезгилде ПККнын бар болушунан улам үйлөрүн таштап кеткен езиддерге байланыштуу билдирүүлөрдү жасап: «Синжар калкы коопсуздук жана тынчтык үчүн ПККнын райондон чыгышын күтүүдө»,-деди.

Жафер ПККнын турган жерлерин таштабаганын, уюмдун Дугире лагерин таштап кеткени тууралуу айтылгандардын негизсиз экенин белгиледи.

Даян Жафер ушул айдан тарта Синжардан Духокко каттамдар башталганын жана 10 261 кишинин ПКК жайгашкан жерлерден качканын айтты.

«Синжарга расмий түрдө бир дагы үй-бүлө кайтып келген жок. Жаңы качкындарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк жок. Лагерлер толуп калды»,-деп айткан Жафер айтты: «Синжар эли ПККнын аймакты таштап кетүүсүн каалайт. ПКК чыкса Синжардын абалы жакшырат. Хашд аш-Шаби да чыкса жакшы болот. Болгону полиция жана Ирак армиясы болушу керек. Эрбилдин жана Багдаддын ортосундагы келишимге ылайык Ирактын Күрт аймактык башкаруусу менен Ирактын ортосунда биргелешкен башкаруу түзүлөт. Шаардын ичинде полиция бөлүмдөрү түзүлөт, Пешмерга менен Ирак армиясы сыртта биргелешкен коргонуу бөлүмдөрүн түзүшөт.»

Синжарда 2-майда ПККга мүчө YBŞ элементтери менен Ирак армиясынын ортосунда чыккан кагылышууда ирактык бир аскердин каза болгондугу билдирилди.

Ирактын Коргоо министрлиги да 3-майда армия жана полиция күчтөрү жаңжалдан кийин Синжардагы кырдаалды «көзөмөлдө кармап турат» деп жарыялады.

Багдад жана Эрбил администрациялары 2020-жылдын 9-октябрында ПККнын Синжардан чыгарылышын камтыган келишимге кол коюшкан. Бирок Синжар келишими ишке аша элек жана ПКК райондо болушун улантууда.



Тектеш кабарлар