Андрей Ермак Мариуполь жана Азовсталь темир заводунан 500 украиналыктын куткарылгандыгын билдирди

Украина Россияны Донбасс жана Луганск аймактарында көзөмөлдү толугу менен колго алуу жана бул жерлер менен мыйзамсыз аннексиялаган Крымдын ортосунда кургактыктан бир коридор түзүү үчүн кол салууларын улантуу менен айыптады.

1823069
Андрей Ермак Мариуполь жана Азовсталь темир заводунан 500 украиналыктын куткарылгандыгын билдирди

Украинанын перзиденттик кеңсесинин төрагасы Андрей Ермак Мариуполь жана Азовсталь темир заводунан дагы 500 украиналыктын куткарылгандыгын билдирди.

Андрей Ермак Telegram каналындагы билдирүүсүндө Мариуполь менен Азовсталдагы адамдарды куткаруу үчүн оор шарттарда эвакуация операциясын жүргүзүшкөнүн айтып : «500гө жакын жаранды куткара алдык»,- деди.

Кызматташтыгы үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна ыраазычылык билдирген Ермак Украинанын жарандарды жана аскерлерди куткаруу үчүн эвакуациялоо иштерин уланта турганын белгиледи.

Украина Россияны Донбасс жана Луганск аймактарында көзөмөлдү толугу менен колго алуу жана бул жерлер менен мыйзамсыз аннексиялаган Крымдын ортосунда кургактыктан бир коридор түзүү үчүн кол салууларын улантуу менен айыптады.

Украинанын куралдуу күчтөр командирлигинен согуштун 71-күнүндө берилген билдирүүдө орус күчтөрүнүн Мариуполдогу Азовсталь объектилерине кол салууларын күчөткөнү, чыгыштагы Попасна, Креминна жана Торск аймактарында катуу кагылышуулардын улантып жаткандыгы билдирилип,   Украина армиясынын да Харьков жана Изюм багытында чабуулга өткөндүгү маалымдалды.

Орус армиясы тарабынан курчоого алынган Мариуполдогу Азовсталда каршылык көрсөткөн Азов батальонунун командиринин орун басары Святослав Паламар да орус күчтөрүнүн 3 күн мурда кирген Азовсталга кургактык жана абадан кол салууларын күчөтүп, аймакта кандуу кагылышуулардын уланып жаткандыгын айтты.  

Паламар Азовсталда көп сандагы жаралуунун бар экендигине көңүлдөрдү буруп, президент Владимир Зеленский жана эл аралык коомчулуктан каза болгон аскерлердин көмүлүшү үчүн мүмкүнчүлүк түзүшүн жана жаралуулардын куткарылышы менен алектенүүсүн талап кылды.

Бир тараптан Россия Украинага согуш жарыялагандан бери орус күчтөрү менен болгон 9 туткун алмашууда 324 украиналык куткарылды.

Украинанын Коопсуздук Кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө бул туткун алмашууда президент Владимир Зеленскийдин аракетинин маанисине басым жасалып, украиналыктарды куткаруу аракеттеринин уланып жатканы белгиленди.



Тектеш кабарлар