Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 200 аскеринен ажыраганы жарыяланды

Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 5-майга чейин орус армиясынын жоготууларына байланыштуу билдирүүсүн жарыялады.

1822409
Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 200 аскеринен ажыраганы жарыяланды
azovstal sivillerin tahliyesi 2.jpg

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командири Валерий Залужний Украин армиясынын Харьков жана Изюм багытында каршы чабуулга өткөнүн жарыялады.

Залужний, Телеграмм эсебинен жарыялоосунда АКШнын Башкы штабынын башчысы, армия генералы Марк Миллей менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгиледи.

Ал тууралуу Миллейге маалымат бергенин билдирген Залужний: «Душмандын күчтөрү Луганск облусунда аскерлерин жыйганын, Попасна, Креммина жана Торське райондорунда катуу кагылышуу болуп жатканын, Украина армиясы Харьков жана Изюм багыттарында карама-каршы чабуулга өткөнүнүн маалыматын бөлүштүм»,-деп айтты.

Залужний, Миллей менен Украинага курал жана жабдууларды жөнөтүү маселесин дагы сүйлөшкөндөрүн айтты.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабы орус армиясынын болжол менен 24700 аскерин, 196 учагын, 155 тик учагын жана 192 танкасын жоготконун билдирди.

Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 5-майга чейин орус армиясынын жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө, Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 200 аскерин жоготконун жарыялады.

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 24 700 аскеринен ажыраганы жана орустарга таандык 196 учак, 155 тик учак, 1092 танк, 2 651 броне унаа, 499 замбирек, 169 ракета атуу системасы жана 83 абадан коргонуу системасы талкалганганы белгиленди.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн 1907 унаа, 10 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык менен 312 учкучсуз учуучу аппаратынан ажыраганы, орустар тарабынан учурулган 89 канаттуу ракетанын да Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлгөнү белгиленди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу жарыяланган.



Тектеш кабарлар