Пашинян  өкмөткө каршы нааразычылыктарга токтолду

Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян  өлкөнүн негизги элементи демократия экендигин жана муну улантышарын билдирди.

1822308
Пашинян  өкмөткө каршы нааразычылыктарга токтолду

Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян  өлкөнүн негизги элементи демократия экендигин жана муну улантышарын билдирди. 

Армениянын расмий агенттиги Арменпресстин кабарына караганда Пашинян  Улуттук парламентти сүйлөгөн сөзүндө демократиянын Армениянын эң негизги элеиенти экендигин жана муну улантышарын белгилеп : "Демократияны эч качан өкмөттүн же мамлекеттин алсыздыгы катары чечмелөөңүздөрдү каалабаймын",- деди. 

Пашинян  өкмөткө каршы нааразычылыктарга токтолуп : "Оппозициядагы кесиптештерибиз  бир убактар бизди жүрүшкө чыкты деп шылдыңлашты эми алар жүрүшкө чыгууга чечим чыгарышты",- деди. 

Бир тараптан оппозиция лидерлеринин бири Ишхан Сагателян парламент имаратын басып алууну пландап жатат деген айыптоолорду четке какты.

Сагателян : "Эч бир имаратты басып албайбыз, чагымчылдык кылбайбыз",- деди. 

Армения Улуттук Коопсуздук кызматы кечээ өлкөдө 1 -  майдан тарта өкмөткө каршы нааразычылыктарын күчөткөн митингчилердин парламент имаратын сессия учурунда басып алууну пландагандыгына байланыштуу ишенимдүү маалымат алгандыгын билдирген. 

Бир тараптан борбор шаар Еревандагы Франция аянтында өкмөткө каршы нааразычылык  акциялары улантылууда. 

Полиция дүйшөбү күнү болгон митингде 189, салы күнкү митингде да 237 кишинин камакка алынгандыгын жарыялады. 

2020 -  жыл ноябрь айындагы Азербайжандын Карабах жеңишинен бери Армения өкмөтүнүн аймакта жүргүзгөн  саясатына нааразычылык билдирген жана премьер  - министр Никол Пашиняндын арыз беришин каалаган   оппозициячылдар 1 -  майдан тарта Ереван көчөлөрүндө жолугушууда. 

 



Тектеш кабарлар