ДССУ: «Түштүк Африкада омикрондун 2 жаңы суб-варианты аныкталды»

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башкы директору, доктор Тедрос Аданом Гебреисус Швейцариянын Женева шаарындагы штаб-квартирасында өткөн басма сөз жыйынында сөз сүйлөдү.

1822071
ДССУ: «Түштүк Африкада омикрондун 2 жаңы суб-варианты аныкталды»

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) дүйнөдөгү эң кеңири таралган варианты болгон Омикрондун 2 жаңы суб-варианты Түштүк Африкада табылганын жарыялады.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башкы директору, доктор Тедрос Аданом Гебреисус Швейцариянын Женева шаарындагы штаб-квартирасында өткөн басма сөз жыйынында сөз сүйлөдү.

Гебреисус, жумалык глобалдык Ковид-19 өлүм көрсөткүчүнүн азайышы уланганын белгилеп: «2020-жылдын мартынан бери Ковид-19дан жумалык каза болгондордун эң аз саны байкалды. Бул тенденция жагымдуу болгону менен, ал толугу менен сүрөттү көрсөтө албайт»,-деди.

Ковид-19 варианттарынан улам Америка жана Африка аймагында оорулардын көбөйгөнүн билдирген Гебреисус: «Омикрон вариантын аныктаган түштүк африкалык изилдөөчүлөр BA.4 жана BA.5 деген эки жаңы суб-вариантты табышты. Бул варианттар Түштүк Африкада акыркы учурларда оорулардын көбөйүшүнө себеп болгону кабарланды»,-деп айтты.

Гебреисус, бул суб-варианттардын башкаларга салыштырмалуу катуу ооруга жана өлүмгө себепкер экендиги тууралуу так маалымат жок экенин кошумчалап: «Алгачкы маалыматтар Covid-19 эмдөөлөрү катуу оорудан жана өлүмдөн коргоочу экенин көрсөтүп турат»,- деди.

Ковид-19 вакциналарынын жана вируска каршы эффективдүү дарылардын орто жана кирешеси төмөн өлкөлөрдө дагы эле жеткиликсиз экенин белгилеген Гебреисус, көптөгөн өлкөлөрдүн кымбатчылыктан улам Ковид-19 дарыларын сатып алуудан баш тартканын белгиледи.

24-февралдан бери Орусиянын кол салуусуна дуушар болгон Украинада саламаттык сактоо кызматтарынын начарлаганына көңүл бурган Тедрос Гебреисус «Украина үчүн эл аралык донорлор конференциясына» катышуу үчүн Польшага бара турганын жарыялады.



Тектеш кабарлар