БУУ Мариуполь жана айланасындагы эвакуациялар тууралуу билдирди

Бириккен Улуттар Уюму Мариуполь шаары жана ага жакын аймактардан акыркы эвакуация операциясында 300 жарандын коопсуз аймактарга жеткирилгенин билдирди.

1822661
БУУ Мариуполь жана айланасындагы эвакуациялар тууралуу билдирди

Бириккен Улуттар Уюму  Украинанын орус аскерлери курчоого алган Мариуполь шаары жана ага жакын аймактардан акыркы эвакуация операциясында 300 жарандын коопсуз аймактарга жеткирилгенин билдирди.

БУУнун Украина боюнча гуманитардык жардам координатору Оснат Лубрани жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө кечээ Эл аралык Кызыл Крест комитети  менен биргеликте Мариуполь жана жакынкы шаарларда камалып калган жарандарды эвакуациялоо аракетинин ийгиликтүү болгонун белгиледи.

Мариуполь баш болгон Манхуш, Бердианск, Токмак жана Васильевка шаарларынан 300гө жакын жарандын эвакуацияланганын жана 230 километр алыстыктагы Запорожье аймагына көчүрүлгөнүн маалымдаган Лубрани : "Көпчүлүк жарандардын кийиминен башка эч нерсеси жок болчу. Кыйын учурларында ар кандай колдоолорду, анын ичинде психологиялык жардамды көрсөтөбүз",- деди. Лубрани, экинчи эвакуация операциясы ийгиликтүү болгонуна карабастан Мариуполь жана анын тегерегиндеги жарандар үчүн дагы көп нерсе жасалышы керектигин баса белгиледи.

БУУнун 2-майда жасаган билдирүүсүндө, Мариуполдон 29 - апрелде жарандарды эвакуациялоо башталган  биринчи этапта шаардагы Азовсталь металлургиялык комбинатынан 100дөн ашуун жарандын эвакуацияланганы маалымдалган.



Тектеш кабарлар