Зеленский Албания парламентине кайрылды

Зеленский Орозо айт майрамы менен куттуктоосун айтып, 24-февралдан бери бүткүл украин коомчулугу бир дагы тынч жана бейпил күндү башынан өткөрбөгөнүн белгиледи.

1821783
Зеленский Албания парламентине кайрылды

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Албания парламентинин пленардык жыйынынын атайын отурумунда депутаттарга видеоконференция аркылуу кайрылды.

Өз сөзүндө Зеленский Орозо айт майрамы менен куттуктоосун айтып, 24-февралдан бери бүткүл украин коомчулугу бир дагы тынч жана бейпил күндү башынан өткөрбөгөнүн белгиледи.

Орусиянын күн сайын өлүм коркунучуна айланып баратканын, орус армиясынын айылдардан жана шаарлардан артиллерия, учак жана ракеталарды аябаганын белгилеген Зеленский сөзүн мындайча улантты: «Сиз, албетте, эркиндик жана чындык тараптасыз. Украина үчүн конкреттүү кадамдар, Орусияга каршы санкцияларды колдоого жардам берип, элибизге, өзгөчө балдарыбызга көрсөткөн камкордугуңуз үчүн рахмат. Украин элине жана Украинанын балдарына карата позицияңыз биз үчүн оор күндөрдө, бүткүл дүйнө жүзү боюнча гуманизмдин символуна айланган албан айымы Майка Терезаны эстетип турат».

Орусиянын согуш бою сыйынуучу жайларды талкалап Рамазандын ыйыктыгын көрмөксөнгө салганын белгилеген Зеленский : «Бүткүл европалыктар менен биргелешип ушундай жол менен иш алып барып Орусия жүргүзгөн бул согушту күнүмдүк жакшы аракеттерибиз менен токтото алабыз деп ишенем. Биз Европаны келечекте мындай коркунучтун кайталанышынан да коргой алабыз»,-деп айтты.

Зеленский Албанияны орус кемелери үчүн портторун жабууга жана орусиялык туристтердин өлкөгө кирүүсүн чектөөгө чакырды.

Сессияда сүйлөгөн сөзүндө Албаниянын премьер-министри Эди Рама өлкөсүнүн НАТО жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги үнү менен Украина үчүн баалуу боло аларын баса белгиледи.

Рама Зеленскийге кайрылып: «Украинага жасалган агрессиянын биринчи саатынан тартып, биз эле эмес, бүткүл Албания, бардык жердеги албандар, берки албан мамлекети Косово менен катар биздин бүткүл элибиз жүрөгү, акылы жана колубуздан келгендин баары менен сиздердин жаныңызда болдук»,-деп айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар