Орус армиясынын Украинадагы кыймылдары
Конашенков орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы кыймылдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, АКШ жана Европа өлкөлөрүндө өндүрүлгөн курал-жарактар Донбасстагы Украинанын аскердик бөлүктөрүнө жеткирилген Львовдогу айрым темир жол станцияларындагы 6 трансформатордук борборго сокку урулганын айтты.
Конашенков орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы кыймылдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдарынын уланып жатканын белгилеген Конашенков: «Узак аралыкка атуучу жогорку тактыктагы абадан атуучу куралдар менен Львов, Подборцы, Волонец, Тимково жана Пятихатка темир жол станцияларында 6 трансформатордук борборго сокку урулду»,-деди.
Конашенков орус аба күчтөрүнүн Новоя Дмитровкадагы Точка-У ракеталык системасын, Санчейка, Крисино жана Вольноянсктагы 3 даана С-300 абадан коргонуу ракеталык комплексин жана Новоалександровкидеги арсеналды, ошондой эле 9 ракета менен жок кыла турганын айтты.
Орус аба бөлүктөрүнүн бир түндө 40 украин аскердик объектисин жок кылганын билдирген Конашенков, ракеталык бөлүктөрдүн 2 башкаруу борбору, «Град» көп стволдуу ракета аткыч, Д-30 гаубица жана аскерлер топтолгон 4 аянттын жок кылганын белгиледи.
Конашенков артиллериялык бөлүктөрдүн 16 башкаруу борборун, 2 күйүүчү май кампасын жана 476 бекемделген позицияны өрттөгөндөрүн, Украинадан 9 учкучсуз учуучу аппарат менен 4 Смерч ракетасын атып түшүрүшкөнүн билдирди.
Басма сөз катчысы Конашенков: «Бүгүнкү күнгө чейин Украин армиясына таандык 146 учак, 112 тик учак, 706 учкучсуз учуучу аппарат, 287 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 2 миң 807 танк жана бронетехника, 321 көп стволдуу ракета аткычтар, 1279 гаубицалар жана минометтор, 2 миң 609 жеке аскердик техникалар жок кылынды»,-деди.