Европа Биримдиги Россияны басма сөз кызматкерлерине карата зомбулукту токтотууга чакырды

Европа Парламентинин Жалпы Кеңешинде Европада журналисттердин  коопсуздугуна жана медиа эркиндигине карата коркутуулар деген темада отурум өткөрүлдү.

1821733
Европа Биримдиги Россияны басма сөз кызматкерлерине карата зомбулукту токтотууга чакырды

Европа Биримдиги Россиядан Украинада жүргүзүп жаткан согуш тууралуу чындыктардын угулушуна тоскоол болуу үчүн журналисттерге жасаган зомбулукту токтотушун талап кылды.

Европа Биримдигинин Тышкы карым  - катнаштар жана Коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен 3 -  Май Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнөн улам берилген маалыматта орус күчтөрүн «дүйнөнүн чындыктарды угушуна тоскоол болуу үчүн журналисттерди жана жарандык коомдук актерлорду көзөмөлгө алганы, уурдаган же бутага алгандыгы» белгиленип : «Россияны мындай кол салуу жана зомбулуктарын токтотууга чакырабыз»,-  деп билдирилди.

Маалыматта Европа Кеңешинин журналисттиктин коргоо алынышы жана журналисттердин коопсуздугу платформасынын каттоолоруна караганда 10 украиналык жана эл аралык медиа кызматкеринин өлүтүрлгөндгү жана көп сандаган басма сөз кызматкеринин жаралангандыгы маалымдалды.

Бир тараптан Европа Парламентинин Жалпы Кеңешинде Европада журналисттердин  коопсуздугуна жана медиа эркиндигине карата коркутуулар деген темада отурум өткөрүлдү.

Отурумда сөз алган өкүлдөр Мальтада өлтүрүлгөн Дафне Каруана Гализия окуясында болгондой медиа кызматкерлерине карата кысым жана зомбулуктун Европа Биримдиги өлкөлөрүндө жана өзгөчө Польша менен Венгрияда бар экендигине көңүл бурушту.

Өкүлдөр SLAPP деп аталган "коомдук катышууга каршы стратегиялык доо арыздар" мыйзамын кыянаттык менен пайдалануу менен журналисттердин жазаланганын белгилешти.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрага орун басары Вера Журова да Европа Биримдигинде басма сөз эркиндигине байланыштуу процесстер жана доо арыздар өтө көп экенин жана «Сотторубуздун кыянаттык менен пайдаланылышын каалабайм»,- деди.

Журова бул жылы биринчи жолу мүчө өлкөлөрдүн тажрыйбалары каралып жана сунуштардын жарыяланарын айтты.



Тектеш кабарлар