Зеленский: «Украинага 33 миллиард доллар каржылык жардам көрсөтүү чакырыгы маанилүү»

Украина Президенттигинин кеңсесинин билдирүүсүнө караганда Зеленский борбор шаар Киевге барган Пелоси менен жолугушту.

1821061
Зеленский: «Украинага 33 миллиард доллар каржылык жардам көрсөтүү чакырыгы маанилүү»
rusya ukrayna saldiri.jpg
rusya ukrayna savas.jpg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен жолугушту.

Украина Президенттигинин кеңсесинин билдирүүсүнө караганда Зеленский борбор шаар Киевге барган Пелоси менен жолугушту.

Зеленский жолугушууда визиттин маанилүүлүгүнө токтолуп: «Мен бул белги үчүн ыраазымын. Бул АКШ эли, Конгресси, анын эки партиясы (республикачылар жана демократтар) Украинаны колдоонун күчтүү белгисин берди. Бул Америка Кошмо Штаттарынын Орусияга каршы согушта Украинаны колдоо боюнча лидер экенин көрсөтүп турат. Украинанын эгемендүүлүгү жана анын аймактык бүтүндүгүн коргоого жардам бергениңиз үчүн сизге ыраазычылык билдиргим келет»,-деди.

Зеленский ошондой эле АКШнын президенти Жо Байдендин Конгресске Украинага 33 миллиард доллар каржылык жардам көрсөтүү чакырыгынын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Пелоси болсо бүгүн Украина эркиндик үчүн баатырларча күрөшүп жатканын жана бул согуш улана берсе АКШ Киевге жардам берүүгө даяр экенин белгилеп, Украина эркиндиктин чеги экенин кошумчалады.

Жолугушууда Зеленский Пелосиге Украина менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы жана эгемен, көз карандысыз жана демократиялык Украинаны колдогондугу үчүн өлкөсүнүн «Принцесса Ольга орденин» тапшырды.



Тектеш кабарлар