Ирактагы Айн аль-Асад базасына жакын жерге 2 ракета атылды

Бул тууралуу Ирак полициясынын басма сөз кызматы тарабынан кыскача билдирүү жарыяланды.

1821008
Ирактагы Айн аль-Асад базасына жакын жерге 2 ракета атылды

Ирактын Анбар шаарындагы Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Айн аль-Асад авиабазасынын жанына 2 ракета түшкөнү маалымдалды.

Бул тууралуу Ирак полициясынын басма сөз кызматы тарабынан кыскача билдирүү жарыяланды.

Билдирүүдө 2 ракетанын Анбардагы Айн ал-Асад базасына жакын жерге түшкөнү, окуяда жан жана материалдык жоготуу болбогону белгиленди.

Коопсуздук бөлүмдөрү иликтөө иштерин жүргүзүп, чоо-жайы кийинчерээк коомчулукка билдирилери айтылды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары ракеталардын бири базадан 4 чакырым алыстыкка түшкөнүн кабарлашты.

Айн ал-Асад базасында ДЕАШ террордук уюмуна каршы эл аралык коалициянын кеңешчилери да бар.

ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын согуштук күчтөрү декабрда Ирактагы миссиясын аяктап, кеңешчилери гана калганы жарыяланган.



Тектеш кабарлар