Ливиядагы БУУнун колдоо комиссиясынын кызмат мөөнөтү узартылды
Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин интернет сайтынан маалымат берилди.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ливиядагы БУУнун колдоо миссиясынын кызмат мөөнөтүнүн 3 айга дагы узартылгандыгын билдирди.
Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин интернет сайтынан маалымат берилди.
Маалыматта : "15 мүчөлүү Коопсуздук Кеңеши добуш бирдиги менен кыймыл кылып, Ливиядагы БУУнун колдоо миссиясынын кызмат мөөнөтүн 3 айлык мөөнөт менен 31 - июлга чейин узартты",- деп билдирилди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Ливиядагы колдоо миссиясы, Ливия мекемелеринин 2011 - жылдагы кагылышуулардан кийин өлкөдөгү саясий өткөөл процессин колдоо талабы боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан 2011 - жылы 16 - сентябрда түзүлгөн интеграцияланган атайын саясий миссия.
Атайын кеңешчиси Стефани Уильямс болгон Ливияны колдоо миссиясы 98 жергиликтүү кызматкер, 210 эл аралык кызматкер жана БУУнун 6 ыктыярчысы менен саясий өткөөл процесс, адам укуктары, мыйзамсыз миграция, өнүгүү жана коммуникация сыяктуу темаларда иш жүргүзүүдө.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.