Кечээ Кабулда бир мечитке кол салуу болду

Кол салууда 10 киши каза болду.

1820788
Кечээ Кабулда бир мечитке кол салуу болду

Афганистандын борбор шаары Кабулда кечээ жума намазынан кийин бир мечитке жасалган бомбалуу кол салууда 10 киши каза болду.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн Кабул коопсуздук директорлугунун катчысы Халид Задран басма сөзгө берген маалыматында Кабулдун Сех Рахаи Алауддин аймагында жума намазынан кийин бир мечитке бомбалуу кол салуу болгондугун айтты.

Задран кол салууда 10 кишинин каза болуп, 30 кишинин жаракат алгандыгын, коопсуздук күчтөрүнүн кол салууну аткаргандарды кармоо үчүн иштеп жаткандыгын белгиледи.

Талибандын мүчөлөрү мечитке барган бардык жолдорду жапты. Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар