Wi-Fi технологиясынын радиациясы Альцгеймер оорусуна алып келет

Окумуштуулар күн сайын бир нече саат бою уюлдук телефон жана Wi-Fi радиациясына кабылган жаштардын “санариптик деменция” көйгөйүнө туш болушу мүмкүн экенин эскертишет.

1820575
Wi-Fi технологиясынын радиациясы Альцгеймер оорусуна алып келет

Уюлдук телефон жана зымсыз байланыш Wi-Fi технологиясынан келип чыккан радиация Альцгеймер учурларынын көбөйүшүнө себеп болоору жарыяланды.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Вашингтон университетинин профессору доктор Мартин Л. Палл "Current Alzheimer's Research" журналындагы макаласында уюлдук телефон жана ушуга окшош зымсыз технология өнүмдөрү менен Альцгеймер оорусунун ортосунда жаңы байланышты тапканын билдирди. 

Палл радиациянын таасири мээдеги клетка ичиндеги кальций деңгээлинин көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн экенин, бул Альцгеймер оорусун козгоп, "өтө эрте жашта боло турган Альцгеймер оорусу сыяктуу коркунучту жаратарын" айтты.

Окумуштуулар күн сайын бир нече саат бою уюлдук телефон жана Wi-Fi радиациясына кабылган жаштардын “санариптик деменция” көйгөйүнө туш болушу мүмкүн экенин эскертишет.

StudyFinds изилдөө мекемеси да радиацияга кабылган кызматкерлер Альцгеймер оорусуна көбүрөөк чалдыгышы мүмкүн деген маалыматты бөлүштү. 



Тектеш кабарлар