Украина орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын Украинадагы аскер жоготуусу 23 миңге жеткенин, орустардын согушта 189 учак, 155 тик учак жана 986 танк жоготконун жарыялады.

1820466
Украина орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинада орус армиясынын чабуулдарынан 219 бала каза болуп, 398 бала жараланды.

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 1550дөн ашуун билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, алардын 102синин толугу менен жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө Россиянын кол салуулары башталган 24-февралдан бери 219 баланын каза болгону, 398 баланын жараланганы маалымдалды.

Ошол эле учурда Украинанын борбор шаары Киевде кечээ болгон кол салуудан 1 кишинин каза болгону, 10 кишинин жараланганы кабар берилди.

Киевдин Шевченковский кварталында кечээ "Артем" учак ракета чыгаруучу заводун бутага алган ракеталардын бири заводдун маңдайындагы жарандык имаратка тийген.

Окуя болгон жерде урандыларды тазалоо иштери улантылып, жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда кол салууда 1 киши каза болуп, 10 киши жараланды. Жабркангандардын төртөөсүнүн ооруканага жаткырылгандыгы билдирилди. 

Украинанын ички иштер министрлигинин кеңешчиси Антон Геращенко кечээ бул жерлердин Кара деңизден учурулган оурс ракеталары менен атылгандыгын жана окуяда 6 кишинин жаралангандыгын билдирген. 

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба болсо Россиянын Киевге карата акыркы ракеталык кол салуусунун БУУ башкы катчысы Антонио Гутерриштин сапары учурунда болгондугун билдирди.

Кулеба  Twitter баракчасынан : «БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен Болгариянын премьер-министри Кирил Петков борбор шаарга сапар менен келген учурда  Россия Киевге канаттуу ракеталар менен сокку урду. Россия бул жийиркеничтүү жапайычылыгы менен Украинага, Европага жана дүйнөгө болгон мамилесин дагы бир жолу ачыкка чыгарды»,- деди. 

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын Украинадагы аскер жоготуусу 23 миңге жеткенин, орустардын согушта 189 учак, 155 тик учак жана 986 танк жоготконун жарыялады.

Орус армиясынын 24 - февралдан 29 - апрелге чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүү жасаган Украинанын Башкы штабы, Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 200 аскерин жоготконун маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, орус армиясынын 23 миң аскери, 189 учагы, 155 тик учагы, 986 танкы, 2 миң 418 бронетехникасы, 435 куралы, 151 ракета атуу системасы жана 73 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү  1695 унаа, 8 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 229 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Россиянын  Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.

 


.



Тектеш кабарлар