Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары

Конашенков орус армиясынын Украинадагы кыймылдары тууралуу маалымат берди.

1820484
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинада абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен 38 украин аскер элементине сокку урулганын айтты.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы кыймылдары тууралуу маалымат берди.

Украинадагы чабуулун уланткандарын түшүндүргөн Конашенков: "Орусиянын Аскер-аба күчтөрү Украинанын 38 аскерий элементине абадан жогорку тактыктагы ракеталар менен сокку урду. Александровка, Гусаровка, Долгенкое жана Барвенково калктуу конуштарындагы украин улутчул бирикмелерине таандык 22 бекемделген позиция, аскердик-техникалык унаалар жана аскерлер чогулган 7 аянт, 6 ракета, артиллерия, ок-дары жана күйүүчү май кампалары жок кылынды",- деди.

Конашенков Орусиянын аба согуштук тактикалык бөлүктөрүнүн Украинанын 76 аскерий объектисин жок кылганын, ракета бөлүктөрүнүн Украинанын «Точка-У» ракеталык комплексине сокку урганын билдирди.

Орус абадан коргонуу системаларынын Харьков, Донецк, Луганск жана Херсон аймактарында 7 учкучсуз учуучу аппаратты жок кылганын белгилеген Конашенков, Петрополье жана Малая Камишеваха калктуу конуштарына жакын жерде 3 даана Точка-У баллистикалык ракетасы атылганын кабарлады. 

Конашенковдун айтымында, ушул убакка чейин Украинага таандык 142 учак, 111 тик учак, 621 учкучсуз учуучу аппарат, 277 абадан коргонуу ракеталык системасы, 2 миң 629 танк жана бронетехника, 302 көп стволдуу ракета аткычтар, 1154 гаубицалар жана минометтор, 2445 аскердик техника жок кылынды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Улуттук көзөмөлдөө борборунун башчысы Михаил Мизинцев болсо: "Киев администрациясы, орус армиясы ээн-эркин артиллериялык соккулардын натыйжасында карапайым калкты өлтүрдү деген провокациялык материалдарды чыгарууну улантып жатат",-деди. 

 



Тектеш кабарлар