Индонезияда алтын кенинде көчкү болду
Көчкүдө 12 аял жумушчу каза болду.
Индонезиянын Суматра аралында мыйзамсыз иштетилген алтын кенинде болгон көчкүдө 12 аял жумушчу каза болду.
Полиция шефи Марлон Раджагукгук Суматрага караштуу Мандаилинг Натал аймагында 14 аял иштеген уруксатсыз алтын кенинде көчкү болгондугун жарыялады.
2 саатка созулган издөө - куткаруу иштеринин натыйжасында 12 аялдын жансыз денеси чыгарылды.
Көчкүдө 2 аялдын да жараланып, уруксатсыз иш алып барган алтын кени жабылды.
Индонезияда миңдеген киши олуттуу жаралануу ал түгүл өлүмгө дуушар боло турган эмгек шарттарына карабастан күн өткөрүү үчүн мыйзамсыз кендерде иштегенге мажбур болууда.
Мыйзамсыз кендерде иштегендер, жер көчү, сел, цианид, сымап жана жетишсиз коргоодон улам өз өмүрүн тобокелге салышууда.
2019 - жылы Түндүк Сулавеси штатындагы мыйзамсыз алтын кенинде убактылуу жыгач конструкция урап, 40тан ашык жумушчу каза болгон.