Глобалдык жылуулук 4000 вирустун жайылышына себеп болот

"Nature" журналында жарыяланган изилдөө, климаттын өзгөрүшүнүн сүт эмүүчүлөрдүн арасында оорулардын жугушуна кандай таасир этиши мүмкүн экенин иликтеди.

1820496
Глобалдык жылуулук 4000 вирустун жайылышына себеп болот

Илимпоздор глобалдык жылуулуктун 2070-жылга чейин адамдар менен жаныбарлардын ортосунда 4000 вирустун жайылышына себеп болорун аныкташты.

CNBC телеканалынын кабарына караганда, жаңы изилдөө глобалдык жылуулуктун жаныбар түрлөрү арасында жаңы вирустардын жайылышына себеп болорун жана пайда болгон жугуштуу оорулардын жаныбарлардан адамдарга жугуу коркунучун арттыра турганын көрсөттү.

"Nature" журналында жарыяланган изилдөө, климаттын өзгөрүшүнүн сүт эмүүчүлөрдүн ортосунда оорулардын жугушуна кандай таасир этиши мүмкүн экенин иликтеди.

Окумуштуулар глобалдык жылуулуктун айынан 3000ден ашуун сүт эмүүчү түрүнүн көчүүгө мажбур болорун жана бул түрлөрдүн кездешүүсүнүн 2070-жылга чейин 4000 вирустун жайылышына алып келерин белгилешти.

Изилдөөдө булардын 90 пайызынын жарганаттар аркылуу болоору жана көпчүлүгүнүн Түштүк-Чыгыш Азияда катталары белгиленди.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Грег Албери бул вирустардын ар биринин жаныбарлардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, адамдар арасында жайылып кетиши ыктымал экенин айтты.

 



Тектеш кабарлар