Орусия Украинада акыркы 24 саатта дагы 400 аскеринен ажырады...

Орус армиясынын 24-февралдан 28-апрелге чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүү жасаган Украинанын Башкы штабы, Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 400 аскерин жоготконун жарыялады.

1819685
Орусия Украинада акыркы 24 саатта дагы 400 аскеринен ажырады...
Ukrayna1.jpg

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 22 миң 800дөй аскерин, 187 учагын, 155 тик учагын жана 970 танкасын жоготконун билдирди.

Орус армиясынын 24-февралдан 28-апрелге чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүү жасаган Украинанын Башкы штабы, Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 400 аскерин жоготконун жарыялады.

Билдирмеге караганда, орус армиясынын жалпы 22 миң 800 аскери, 187 учагы, 155 тик учагы, 970 танкы, 2 миң 389 бронетехникасы, 431 замбирек, 151 ракета атуу системасы жана 71 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 1688 унаа, 8 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 215 учкучсуз учуучу аппаратты жоготту.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар